Укук коргоо органдары Бишкекте өлтүрүлгөн милиция кызматкери боюнча иштин бетин ачуу үчүн велосипеддердин ээлерин издөөдө

Укук коргоо органдары Бишкекте өлтүрүлгөн милиция кызматкери боюнча иштин бетин ачуу үчүн велосипеддердин ээлерин издөөдө. Муну бүгүн, 30-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмышкерлер тарабынан 7-кичи райондун №7-үйүнүн жанына ташталган велосипеддер уурдалып же тартылып алынган. Мындан улам учурда милиция жарандардан сүрөттөгү велосипеддердин анык ээлерин таанып берүүнү суранууда. Кимде-ким билген болсо, (0312) 66-06-83, 26-62-61, (0554) 102-328, (0554) 102-327 номурларына кайрылса болот.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.

ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AiBoru
2015-11-30 12:38:00
100000ду жон эле койсо болмок, бербегенден кийин оз кадырын кетирбей. Чыныгы билген киши акчасыз деле айтмак, элибиздин коопсуздугу учун.
Танкалганым, алардын велосипед менен качканын, андан кийин 7мкр.тарапка качканын аныктап кантип кармай алышпады.
0
Anarbek2015
2015-11-30 12:44:17
AiBoru, Корсо атабы же эчким коргон эмес кызыктай тангалат экенсин
0
sarbo
2015-11-30 12:50:17
велосипедченди кармай алышпаса,машина мн качкандан тунулуп эле коет окшойбуз
0
nurlan-86
2015-11-30 13:45:14
1000000 деп Элди алдашат откондо турмодон качкандарды айтса беребиз дешкен оздору эле болуштуруп алыштыго эч кимге берген жокпуз деп коюшуп
0
shailoo2015
2015-11-30 14:28:33
Бергенин элге айтса аны өлтүрүп кетишетда Анан Эмне силерди чакырып бериш керек беле. ойлонуп суйлосонор боло туугандар
-1
KGstan81
2015-11-30 14:51:19
ИИМ качан болбосо атайын унааларыбыз жок дейсинер ошол элге обещать эткен милион акчанарга андан коро унаа сатып алгыла.Элибиз Кудайга шугур ток эле жашайт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан