ЭЛДИК КАБАР: Чаткалдын Терек-Сай айылында трансформатордун жанындагы зым карагай кулаганы турат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында трансформатордун жанындагы зым карагай кулаганы турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. "Айыл өкмөттүн кызматкерлери күн сайын ошол зым карагайдын жанынан өтүшөт, бирок бири да көңүл буруп коюшпайт. Ал кооптуу жер аркылуу окуучулар мектепке барышат. Эгер кырсык болуп кетсе, ким жооп берет? Эң башкысы, айыл тургундарынын өмүрүнө коркунуч алып келүүдө”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kirgizstan
2015-11-30 15:57:26
Кулап тушкондо анан каралат ага чейин кочукторун креслодон которалбай отура беришет кылган иштеринин дайыны жок
0
Lili
2015-11-30 16:32:03
Кырсык болсо ким жооп берет дебей, кырсыкты кутпой, Айыл эркеги чогулуп, аракет кылса болбойбу?!
+1
Decmond
2015-11-30 16:36:29
Lili, ошо да, мындай столбалар коп да айылдарда, бирок бул столбаны озунор жеп жиберген турбайсынарбы
0
bi_sity
2015-11-30 17:12:11
Мелочный нерселерди жазабербей озунор деле бутуруп койсонор болотко ушуну.
+1
dasta
2015-11-30 17:41:14
Бул вообше еле мелкий ишко торт еле адам ондон койсо болот ушуну жарыя кылгандын озу уят нерсе бир кочонун жашоочулары еле чогулуп порсинкесин алмаштырып койсо болот коп болсо 50 сомдон чогултсанар да болот
0
AlbertEnshtein
2015-12-01 03:03:29
позор айыл окмотко.
0
asdf
2015-12-11 09:30:17
Бул столба турганына коп болсо керек даагы канча турат ким билет болбогон нерсени тартып жоното бересинерби же смартфон керек болуп жатабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан