Коомдук ишмер, теолог К.Маликовго кол салгандар Түркиянын полициясы тарабынан 28-ноябрда кармалып, учурда аларды депортациялоо же экстрадициялоо маселеси каралууда. Бул тууралуу 30-ноябрдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.
27-ноябрда теолог К.Маликов өзүнө кол салган деп Алибек Тилек уулу менен Ырыскул Бейшеналиевди көрсөткөн. Андан соң "адам өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Белгилүү болгондой, 26-ноябрда саат 22:30 чамасында кылмышка шектүүлөр "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу кыргыз-казак чек арасынан өтүшкөн.
Тергөөнүн алкагында Бишкек шаарынын Асанбай кичи районундагы №28-үйдөгү батирлердин биринде тинтүү жүргүзүлгөн. Батир август айында Ж.В. аттуу жарандын үй-бүлөсүнө ижарага берилгени, ал жерде кылмышка шектүү Ырыскул Бейшеналиев жашап келгени аныкталган.
Батирден Ж.В. аттуу жаранга тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк, "Мегаком" компаниясы менен түзүлгөн келишим, 69 даана теспе, уюлдук телефон, чет өлкөлүк оператордун 15 сим-картасы, "Мегакомдун" 16 сим-картасы, 16 ок табылган. Ал эми экинчи шектүү Алибек Тилек уулу жашаган үйдөн араб тилинде жазылган барак, травматикалык тапанчанын 8 огу, 5 диний журнал, 4 даана сим-карта, унаанын ачкычтары, баш кийим, уюлдук телефон, планшет, DVD-дисктер, флеш-карта, унаанын техникалык паспорту табылган.
Жогорудагы шектүүлөр менен байланышы бар деп Алишер Шаняев менен Рустам Байчуриндин жашаган жерлеринде издөө жүргөн. Ал жерде табылган динге тиешелүү буюмдар боюнча экспертизалар дайындалды.