Чүйдө мамлекеттик ишкана тарабынан 500 миң сом бюджеттик каражаттын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду

Чүй ОИИББинин 5-Башкармалыгы тарабынан "Кыргыз коммуналдык чарба" мамлекеттик мекемесинин алдындагы Жылуулук менен камсыз кылуу жана агынды суулар боюнча ишканасынын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Натыйжада ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан 500 миң сом өлчөмүндөгү каражаттын уурдалганы белгилүү болгон. Чогултулган материалдар Кемин райондук прокуратурасына жиберилген. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди.

Мындан сырткары Бишкектеги Салык кызматынын райондук башкармалыктарынын биринде кызматкерлер кызмат абалынан пайдаланып, кошумча нарк салыгынын эсептик фактурасын беришкен. Мындан улам мамлекетке 700 миң сом зыян келтирилген. Факт боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан