30-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту бир нече беренелер менен айыпталып жаткан Канжар Кадыралиевди эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотту.
Бул боюнча SUPER.KG порталына айыпталуучунун адвокаты Икрамидин Айткулов: "К.Кадыралиев ооруп жатат. Ага бир канча операция жасалган, ал дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. Тергөө абагында буга шарт жок. Кадыралиевдин ишинин сотко өткөнүнө көп болду, бирок аны менен кошо айыпталган жарандын иши Ошто каралып жаткандыктан, соттук отурум узакка созулуп кетти. Буга чейин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылганбыз. 30-ноябрда гана кайрылуубузду канааттандырды",- деди.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.