Ош - Бишкек унаа жолунда МАИнин унааларынын катышуусундагы кырсык боюнча министрлик иликтөө жүргүзүп жатат

Ош - Бишкек унаа жолунда МАИнин кызматтык унааларынын катышуусундагы кырсык боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматынын (ЖКК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кырсык 7-октябрда саат 09:00 чамасында Чүй облусунун Новониколаевка айылынын жанында орун алган. "Жол-кайгуул кызматынын эки унаасы аталган трасса менен бара жаткан. Алардын бири карама-каршы келе жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа (айдоочу Т.Н. аттуу 1996-жылкы бала) менен сүзүшкөн. Ал эми ЖККнын экинчи унаасы жолдун ортосунда бурулуп жаткан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Хонда Фиттин жана МАИнин унаасынын жүргүнчүлөрү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилишкен. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат",- дешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда аталган кырсык боюнча ЭЛДИК КАБАР түшкөн. Окурман "МАИнин унаалары жолдун каршы тилкесине чыгып, өздөрү күнөөлүү" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
briliant87
2015-12-01 10:24:12
МАИ уят уят.
+1
Akil8484
2015-12-01 10:39:23
Абиринер калбады окшойт эээээ МИА кызматкерлери жол эрежесин бир эмес эки унаа бузуп жатса бул эмне деген корунуш куноолусунор жана жумушунарды тапшырып бергиле да арам тамактар
+1
AiBoru
2015-12-01 10:45:12
Ушу жерде да Хонда Фит айданан айдоочу куноолуу деп чыкпаса болду
+2
perichte
2015-12-01 12:09:09
МАИчилер качан куноолу болчу эле...эх ФИТтин айдоочусун кудай сактай кор эми...
+1
asiret
2015-12-01 13:51:29
Ушул иликтөөнүнү жыйынтыгын күтөбүз. Баягы эле шордуу фиттин айдоочусуна күрөөнүн баарын оодарып коюшпаса болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан