Бишкек-Торугарт жолунда оор жүк ташуучу унаа менен кичи автобус кагылышып кетти. Анын кесепетинен 13 адам жабыркап, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык 30-ноябрда саат 18:30да катталып, ал Бишкек – Торугарт жолунун Токмок шаарына жакын 60-чакырымында болгон.
“Исузу үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Мерседес Спринтер кичи автобусу кагылышты. Жабыркаган 13 жүргүнчүнүн 11и Токмок шаардык ооруканасына жаткырылды, ал эми дагы 2 адам Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, ооруканада өзүнө келе албай 1967-жылкы Зейнап Айтакеева каза болду”,- деп айтылат маалыматта.