Кыргыз жеринде кезектеги жер титирөө катталды

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги жер титирөө орун алды. Жер силкинүүнүн сааты жана кайсы аймактарда орун алганы учурда такталууда. Сейсмология институтунан SUPER.KG порталына кабарлашкандай, учурда так маалыматтар алынып жатат. "Белгилей кетчү жагдай, жер титирөөнүн күчү дээрлик катуу болду. Бактыга жараша, зыян тарткандар, кыйроолор болгон жок",- дешти.

Жер титирөөлөр боюнча иштеген дүйнөлүк борбордун маалыматына ылайык, бул жер титирөөнүн күчү 5,2 баллга жеткен. Очогу Жалал-Абад шаарынан 53 чакырым түндүк-чыгышты карай, Бишкек шаарынан 200 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөө саат 12:13тө катталып, очогу Жазы-Кечүү айылынан 7 чакырым чыгышты карай, Кызыл-Үңкүр айылынан 16 чакырым түштүк-чыгышты карай, Арсланбап айылынан 30 чакырым чыгышты карай, Жалал-Абад шаарынан 52 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү, Ак-Булак, Кызыл-Үңкүр айылдарында 5,5 балл, Кара-Алма, Ак-Алма айылдарында 5 балл, Арсланбап айылында 4,5 балл, Сузак районунун Орток, Саты айылдарында 5 балл, Көк-Жаңгак шаарында 4 балл, Кара-Көл шаарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 балл, Токтогул шаарында 3,5, Ош шаарында 3 баллга сезилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
bekos2012
2015-12-01 13:40:28
Катуу титиреди 12-15те Таш-Көмүрдө
0
asiret
2015-12-01 13:44:40
Алайда да сезилди, бирок анчалык катуу эмес.
Тез-тезтитирей берип акырын эле болгондой сезилди окшойт
0
ere
2015-12-01 13:45:28
озгон шаарында да болду
0
muun-kyrgyz
2015-12-01 13:50:07
мен чочуп кеттим
0
Nura2587
2015-12-01 14:16:49
Кара куль да 12:13то болду
0
dasta
2015-12-01 14:31:39
Кудай озу сактасын мындай апаат кырсыктардан офис титиреп крышасы тарака турук болуп кетти
0
bolotbai3
2015-12-01 14:44:12
Мен дагы жер титирегенде эле сразу сезгем 5 баллдан ашты деп,жер титирей берсе билип калат экенсин канча балл титирегенин.Сейсмологдордун аппаратына караганда мен так даана сезет момент экем.Сейсмологияга ишке кирсем алат бекен.
0
Sandrana
2015-12-01 17:30:33
bolotbai3,Cейсмология дагы адамды карап туруп алатта,койчумандарды эле ала берсе анда кандай болсун ))))
0
Gulzada2304
2015-12-01 14:54:47
Кудай өзүң сактай көр...
0
Ayida
2015-12-01 15:25:43
Жайлоого чыкканда гана колдонгон боз уй чатырды жашообузга колдонсок торт мезгил тен боз уй менен чатырда жашап.Светти алып киргизип алабыз телевизор компьютер баарын койуп алып тынч Кудай деп жашап .А то качан 5 же 4 этаждан жарака кетип кулап калат дубалдар деп коркпой.Расход аз кетет кридитин жок тамак ашынды турлоп жасап жеп уйкун тынч болот.А то миллиондогон акча кетирип нервинди кетирип уй салып койуп анан озун 2 комнат кухняда жашап омурун откондон коро жакшыго деймин. (
+8
Ayida
2015-12-01 15:26:58
Аллах сактасын кырсыктардан.Кырк жыл кыямат болсода бей ажал чымын олбойт дейт.
+3
amanatym
2015-12-01 17:53:37
Заманыбыз, элдин пейили бузулду жаратылыш кырсыктары ошондон да болуш керек. Тушко кирбеген кылмыштар болуп жатат олкобуздо. Кудайым сактасын баарыбызга ыйман берсин.
0
Nukitaigoo
2015-12-01 18:54:47
Майлуусуу да 4 бал
0
Nauca1989
2015-12-01 19:30:13
Ой жаман каттууууу термеди Жалал-Абадта. Азырда коркуу сезими менден кете элек.
0
agarai
2015-12-01 21:20:07
Мурдагы титироолорго окшобой бир жолу каттуу булкуп салды го
0
luna.kg
2015-12-03 15:06:34
Жалалабад 3 балдан жогору болдугоо,катту титроо болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан