"Мас абалында келген уулун арматура менен чаап өлтүрүп алган" деген шек менен атасы кармалды

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Чоң-Арыктагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө мерт болгон жаран 38 жаштагы С.Василий экени аныкталган. Анын өлүмүнө шектүү катары атасы кармалды. Муну 1-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-ноябрда саат 16:00 чамасында С.Василий үйүнө мас абалында келген. Ата-энеси менен уруша кетип, аны атасы арматура менен чаап жибергенде ал алган жаракатынан ошол жерден жан берген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 66 жаштагы С.Валерий кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
daniyar84
2015-12-01 14:45:03
Арак кургурдун пайдасы
+4
beka1207
2015-12-01 15:11:19
Уулун арак тубуно жеткен адам экен эле,кургур атасына жаман болуптур
+8
sagyn91
2015-12-01 15:47:45
Жаны кейигенде уруп жибергенин озу да билбей калса керек да
+11
briliant87
2015-12-01 15:55:55
Атасы атайлаган эмес,булда болсо аллаанын буйругу.
+3
mashirapova
2015-12-01 16:19:57
арак бир уй билоонун тубуно жетиптир
+1
Samarbek-Nurelim
2015-12-01 16:33:16
Айланайын,адамдын атын деле чон тамга м.н жазабыз го. Кудайдын атын ЧООООН тамга м.н жазсан.
+1
s5kgbal
2015-12-01 16:58:24
байкуш атасы
+1
Nasi1981
2015-12-01 18:00:35
Жанын кашайтып жиберсе керек да. Коруп журобузго ичкен адамдарды. Ичкенде адамды эмес, Кудайды да тааныбайт. Атана наалат, атын очкур арак, аракты ойлоп тапкан адамга наалаттар болсун. Арактын айынан канча омурлор кыйылды,канча булоолор бузулду. Эээх айтта берсе арман коооп.
+3
Aviator
2015-12-01 22:13:04
атын очкур арак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан