"Ошто жеке ишкердин 100 миң долларын уурдап кеткен" деген шек менен 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-ноябрында белгисиз адамдар Ак-Тилек кичи районунун тургунунун үйүнө кирип, акча сакталган сейфти талкалап, 100 миң долларды алып кетишкен. Бул иш боюнча шектүү катары 1996-жылы туулган жаран 30-ноябрда Бишкектен кармалган. Анын 2 айга ижарага батир алып койгону, ошол жайда жашап жатканы белгилүү болду. Ал кармаган жайдан милиция кызматкерлери 4900 доллар, 38 миң рубль жана 3 миллион 160 миң сом өлчөмүндөгү каражат табышкан. Бардык акча каражаты ээсине кайтарылды. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.