Жогорку Соттогу коллегия коррупциялык иштер боюнча айыпталган депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин ишин карады. Натыйжада 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 1-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья Аман Сариев окуп берген.
Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес.