Түркиянын Стамбул шаарында колго жасалган бомба жарылды. Жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок

1-декабрда кечке жуук Түркиянын Стамбул шаарынын Байрампаша районунда колго жасалган бомба жарылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, жарылуучу зат метрого кирүүчү жайга коюлган. "Жардыруудан улам алтыга жакын адам жаракат алды. Бактыга жараша, каза болгондор жок. Учурда Байрампаша районунда электр энергиясы өчүрүлгөн, унаа кыймылы токтотулган. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатышат",- деп жазышат басылмалар.

КРнын Тышкы иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришкендей, жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aktivist0707
2015-12-02 09:51:56
Аллахым озу сактасы
0
shailoo2015
2015-12-02 10:04:00
Туркияга барыштын кереги жок болуп калды окшойт, кыргыздарда келе беришсе болмок.
+3
bazarkyl
2015-12-02 10:10:04
чон масштабда политика жүрүп жатат.
+2
AiBoru
2015-12-02 13:02:20
Туркия Россия менен касташып, Сирия менен достошуп жаткан го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан