Орусиянын Владивосток шаарындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кыргыз студенттери биринчи жолу улут аралык көргөзмө-фестивалга катышып, өз өлкөсү тууралуу маалымат беришти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, буга чейин университетте окуган башка улуттун өкүлдөрү бул иш-чарага катышып келишкен. Ал эми быйыл кыргыз студенттеринин саны 20га жеткендиктен, алар да фестивалга катышууну чечишкен.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.