Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Жаңы-Айыл айылынын тургуну баласын атып салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрда райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү оорукананын өлүкканасына октон улам каза тапкан адамдын сөөгү алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. "Тергөө амалдарынын жыйынтыгында төмөнкү маалыматтар белгилүү болду: Жаңы-Айыл айылында 1968-жылы туулган жергиликтүү тургун 1987-жылкы уулу менен уруша кетип, ага карата Иж-16 куралы менен ок чыгарган. Баласы ошол жерден каза тапкан. Мындан тышкары кылмышка шектүүнүн 2011-жылкы жана 2013-жылкы неберелери жаракат алышкан. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн",- деп билдирет ИИМ.
"Ок чыгарган адам убактылуу кармоочу жайга отургузулган. Бул факт боюнча "өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду",- деп жазылат маалыматта.