Жолдошунун "Эмне үчүн, алтыным?" дегенине карабай аны жиликтеген келин Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жаткырылышы мүмкүн

Бишкекте өз батиринде жолдошун жиликтеген келин Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жаткырылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда келин Бишкектеги СИЗОдо отурат. "Ал психиатриялык экспертизалардан өтүүдө. Учурда аны Кызыл-Жардагы ооруканага которуу маселеси каралып жатат. Жолдошун жиликтөө боюнча кылмыш ишин тергөө аяктай элек",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, быйыл 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун 26 жаштагы С.А. аттуу аялы кармалган. Ал кылмышын моюнга алып, окуя болгон жерге барып, тергөөчүлөргө өлтүрүү кандай болгонун көрсөтүп берип, "Жолдошум акыркы жолу "Эмне үчүн, алтыным?" деген сөздү айтты" деп билдирген.
Ал жолдошу Эрлан Оркошов менен 4 жыл бирге жашаган. Алардын 3 жана 2 жаштагы эки уулу бар. Аялы кылмышты өзү жасаганын айтууда. Кылмышка шектүү 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн. Ал эми маркум, 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов бир жолу колдонуучу идиш-аяк чыгарган ишкананын жетекчиси болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
nur-patriot
2015-12-02 14:45:10
ээх ушундайда балдары азап тартышат да бечаралар. Балдар үйүнө тапшырылат ии ыйлайм
+1
kobra86
2015-12-02 14:59:50
nur-patriot, Туугандары камкордугуна алса керек балдарын
+5
kozunek.
2015-12-02 14:52:33
Кудайым ыйман ынсап берсин баарыбызга.
Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
AiBoru
2015-12-02 15:14:08
Балдарды ата энеси багып алат болуш керек, бардар эле семья экен. Бирок оз ата апасындай болмок беле балага.
Келин итирейген арык экен, ошону озу жалгыз жасаганына такыр козум жетпей турат. Ушу бир сыр бар
+8
Akkaynt
2015-12-02 15:25:48
Кылган куноосун ойлонуп ооруп калса керек да ар бир адамга кудайым ыйман берсин Кара Кулжанын кайсыл жеринен болушат экен тоолук маалымат берип койсонуздар
+3
admin_superstan
2015-12-02 15:33:46
Akkaynt, саламатсызбы!
Болгон маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/123579/
0
Aisuluu160790
2015-12-02 15:47:12
Коомубуз кайда баратат.
+1
marrss
2015-12-02 16:05:19
Aisuluu160790, акыр заманга карай
+1
bolotbek91
2015-12-02 16:43:00
Балдарыга жаман болуптур
-1
Buratino
2015-12-02 18:01:51
Чын эле ооруп калган бекен же дагы ошол аркылуу абактан кутулуунун жолу бекен? Неси болсо да балдарына эле кыйын болду ар кимдин уйундо туртунду болуп.
+2
DIAFRER
2015-12-02 23:27:25
Buratino, сиз кайдан билесиз балдарынын туртунду болоорун? Кудайга шугур балдардын чон энеси бар, 2 агасы бар. Азыр Айдайды энелик укуктан ажыратуу учун аракет кылып жатышат.
+1
Tainstvennaia
2015-12-03 09:52:14
DIAFRER,
Мумкун, сиз айткандай туртунду болбойт, ата-энесинен албаган мээримди алып алардан алып чоноер, бирок алардын кулагына ар дайым сенин апан жаман адам деп(атанды олтургон деп айтпаса да) айтып чонойтушат, ким эле оз апасын жаман дегенди жакшы корсун. Чынында, балдарга абдан кыйын болду, канча бир убакыт психологиялык жабыр тартышат.
+1
shah_85
2015-12-02 18:43:08
Сыр бар деген коментарийлерден абдан чарчадым
+2
incognito1
2015-12-02 20:33:18
shah_85, кошулам. Бардык эле кылмышта бир сыр бар дей беришет экен. Баарын айтып бердиго кандай болгонун. Дагы кандай сыр бар? Арык болсо эле эмне бычак сайганга алы келбейт бекен. Жин келгенде куч кайдан келгенин билбей каласынго.
-1
AiBoru
2015-12-02 21:48:56
shah_85, эс алышын керек экен чарчасан
0
zhykyo
2015-12-02 19:41:22
Элестетип жатам кескилеп жатканын ооруган неме болуш керек башынан
0
Akmosha
2015-12-03 00:42:57
Тобооо,тобоо.
+1
jaark.23
2015-12-03 09:27:15
бул аял ужас кинолорду коп коргон окшойт
+1
kyzdarhan
2015-12-03 16:32:04
Ынсап берсин ар бир инсанга
.
0
Uma931596
2016-04-27 13:19:01
Медициналык академияны бутуруптур, оной эле болду да жиликтеп салган.
0
Salman.eldar
2016-10-11 01:02:32
Аягы эмне мн бутоор экен?! Кантсе да бир уй було жок болду,балдар жалко. Кудайым озу сактасын, ар уй булону!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан