1-декабрда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар 12 мм калибриндеги 3 даана мергенчилик ок-дарыларды алып өтүүгө аракет кылган Казакстандын жаранын кармашты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, кармалган жаран ок-дарыларды Казакстандан Кыргыз Республикасынын аймагына алып өтүүгө аракет жасаган.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана табылган мергенчилик октор УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.