Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нурлан Төрөбековго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө бүтүп, материалдар Бишкектин Октябрь райондук сотуна жиберилди. Башкы прокуратурадан 3-декабрда билдиришкендей, Төрөбеков 2011-жылдын 23-июнунда, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратына жогорку билими тууралуу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан берилген дипломдун көчүрмөсүн берген. Аталган дипломдун жана башка документтердин негизинде ага "Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген чин берилген.
Университеттин маалыматына ылайык, Төрөбеков 5-курста окуп жатканда 2003-жылдын 23-декабрында окуудан чыгарылган жана кайра киргизилген эмес, ага аталган диплом берилген эмес жана диплом берүүнү каттоо китепчесине катталбаган. Төрөбековдун дипломундагыдай каттоо номери менен диплом 2004-жылдын 30-сентябрында окуу жайдын башка бүтүрүүчүсүнө берилген. Мунун баары тергөөдө аныкталды.
"Төрөбековго берилген диплом жасалма болгон, аны депутат киреше табуу максатында, башкача айтканда, аталган чинди алуу үчүн пайдаланган. Башкы прокуратура 2014-жылдын 7-октябрында Н.Төрөбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. 2015-жылдын 28-январында Жогорку Кеңеш аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн баш тарткан",- деп билдирет Башкы прокуратура.