Бүгүн, 3-декабрда саат 09:30 чамасында Каржы министрлигинин имаратында өрт чыкты. Учурда окуя болгон жерде 3 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Мекеменин кызматкерлери сыртка чыгарылышты, өрттөн жаракат алгандар жок. Өрт бөлмөлөрдүн биринен чыккан деп болжолдонууда.