Кыргыз Республикасынын паспорту менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган факт кечээ, 2-декабрда "Чалдыбар-унаа жол" өткөрмө пунктунда орун алган. "Кыргыз чек арачылары аталган жаранды токтотушкан. Ал кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз өтүп, Казакстанга кетүүнү көздөгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин тажик жараны УКМКга өткөрүлүп берилди",- деп жазылат маалыматта.