Бүгүн, 3-декабрда эртең менен Каржы министрлигинин имаратында өрт кырсыгы электр чубалгыларынын тийишүүсүнөн келип чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, өрттөн улам документтер жана иш кагаздары зыянга учураган жок. "Кырсык 5-кабаттын коридорунда орун алды. Өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары 10 мүнөттүн ичинде келип, өрттү өчүрүштү. Министрликтин кызматкерлери сыртка чыгарылган болчу. Эч ким жаракат алган жок. Учурда электр энергиясы берилип, жумуш адаттагыдай жүрүп жатат",- дешти басма сөз кызматынан.
Андан соң мекеме Өрт өчүрүү кызматына тилсиз жоону убагында токтоткону үчүн ыраазычылык билдирди.