Бишкекте 10 жашар Актилек Тургунбаев изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-декабрда саат 19:30 чамасында бала Кайыңды конушундагы үйүнөн чыгып, дайынсыз жоголгон. "Актилектин бою 120-130 сантиметр, арык чырай, көзү кара, үстүнкү эрининде калы бар. Боз түстөгү свитер жана көк шым кийип жүргөн.
Эгер Актилек Тургунбаевдин кайда жүргөнү тууралуу маалыматка ээ болсоңуз, Свердлов райондук милиция бөлүмүнө төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз: (0312) 43-28-15, (0551) 102 805, (0701) 411 509, (0557) 201 268, (0550) 102 872, (0772) 102 201)",- деп жазылат маалыматта.