Ошто туура эмес токтотулган унаа чуулуу МАИ кызматкери Адахам Арабаевдики экендиги белгилүү болду

Ош шаарында жөө жүрүүчү өтүүчү жолду тосуп токтотулган автоунаа Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдындагы милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын командиринин орун басары Адахам Арабаевдики экендиги белгилүү болду. Муну SUPER.KG`ге укук коргоо органдарындагы жеке булактар тастыкташты.

Опель автоунаасы шаардын Зайнабединов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине туура эмес токтотулганын, анын айынан "зебрадан" адамдардын өтүшүнө тоскоолдук жаралганын бүгүн, 4-декабрда эртең менен окурман "ЭЛДИК КАБАР" аркылуу жарыялаган.
Аталган МАИ кызматкери буга чейин бир катар чуулуу иштерге аралашкан. Ага мурда "ээлеген кызматына толук татыктуу эмес" деген эскертүү берилген. Быйыл августта Ош шаарында орун алган МАИ кызматкерлеринин чырында да Арабаевдин аты аталып, кызматтык иликтөөдөн кийин ал тартиптик жазага тартылган.

Ош шаардык жол-кайгуул кызматы Арабаевди атайын каралоо аракети жүрүп жатканын айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
mikinookat
2015-12-04 13:53:24
АДАХАН АРАПБАЕВ бугун хит болдуго,,,жарыктык киши )))
+2
avtogrand
2015-12-04 14:01:52
(Ош шаардык жол-кайгуул кызматы Арабаевди атайын каралоо аракети жүрүп жатканын айтууда) стоянкага коюп койсо бироолор ошол жерге алып барып коюптурбу?
+11
Azura
2015-12-04 14:02:16
Эмне болгон каралоо экен.факт на лицо болуп турса.анын машинасын бироо айдап журуптурбу? Же зордоп токтотуптурбу?
+8
Oolokon
2015-12-04 14:04:16
Суйун Омурзаков чыныны генерал болсо Адахамга чара коруп, жумуштан айдаш керек. Эгерде чара корбосо карга карганын козун чукубайт болот. Омурзаков Суйун мырза бул копкое ГАИни жумуштан айдасаныз элдин милицияга болгон ишеними артат.
+3
Mars55
2015-12-04 14:10:49
Урматтуу супер инфо Адахамдын суротун кошуп койгулачы таанып алалык.
+6
AiBoru
2015-12-04 14:23:17
Молодцы, супердин кабарчылары. Чокту ысыгында бас дегендей, керектуу маалыматты оз убагында тиешелуу жерге кайрылып, бизге жеткирип турган.
Бирок, ошол чыркыраган чындыкка кээбир аткаминерлер бут тосуулар кылып журбосун.
+1
terabait
2015-12-04 14:33:54
Бул киши аман эле болсун дааа
0
bek040295
2015-12-04 14:43:05
ХХХ адам болсо болот бирок ХХХ ХХХ!!!!!!!!
0
admin_media
2015-12-04 14:50:16
bek040295,
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
0
Uli6886
2015-12-04 14:44:59
Аныкы 4212деген болсо керек эле авто номери. Эмне болгон учурда да бул ГАИ кызматкери адамдардын болушунча тойгозуп буткон.
0
briliant87
2015-12-04 14:59:05
Мыйзамды биринчи орган кызматкерлери сактоо керек.
0
sabyr86
2015-12-04 15:18:25
Мыйзамды бузгандары м.н иши жок эле,атайыг каралоо аракети дегенде күйөсүң да.
0
warsaw.
2015-12-04 15:40:36
бул чачы жок таз киши беле менин билишимче...
0
avtogrand
2015-12-04 19:17:14
warsaw., чачы эмес бетида жок окшойт.
+1
Bereke10
2015-12-04 16:47:57
МАИ кызматкерлери качан эле жол эрежесин сакташчу эле? Дайыма эле зебраны тебелеп, остановкаларга машинелерин токтотуп, "против шерсти" жургондор да ушулар, кызыл чырак жанганда минге коюп айдагандарда МАИ кызматкерлери. Бул тан калыштуу эмес. Керек болсо машиналарын да документи жок айдашат оздору. Спирттик ичимдиктерди ичип айдагандары да чекеден чыгат. Анткени МАИчилер да. Жол булардыкы дайыма. Дагы жакшы зебрага коюптур, тротуарга парковка кылып алышат го.
+2
Jyrgal_msk
2015-12-04 16:49:22
Ушул макаладан кийин элге кайсы жагынан таанылганын сезди бекен?
+1
Neizvestno777
2015-12-04 22:36:56
Кезектеги элдик кабардын женүүчүсү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан