Орусияда адам өлтүрүүгө шектелген жаран ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан Сокулук районунан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 4-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1998-жылы Орусияда эки белгисиз адам Калашников В.Г. аттуу жеке ишкерге 50 жолу бычак сайып кетишкен. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка Д.Кошкиндин катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Кошкин Денис Викторович - Казакстандын жараны. 1977-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. 2007-жылдан тартып "Орусиянын Тюмень шаарында мыкаачылык менен адам өлтүргөн" деп шектелип эл аралык издөөгө алынган. Мындан сырткары ал №44-колониядан качып кеткендиги үчүн КРнын Жаза аткаруу кызматы тарабынан да изделип жаткан. Ага чейин эки жолу соттолуп камалган. Мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин жатак-абакка которулуп, ал жактан качып кеткен.