Бүгүн, 4-декабрда Египеттин Каир шаарында террордук акт болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, белгисиз адамдар ресторан тарапка күйүүчү май толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытып качышкан. "Ресторанда отурган 13 адам толугу менен күйүп кетти. 5 адам аман калды. Алар ооруканага жеткирилишти. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматкерлери иштеп жатышат. Египеттин бийлиги "бул террордук актты "Мусулман ага-инилер" кыймылы аткарды" деп күмөн санап жатат. Мындан тышкары "ресторандын мурдагы кызматкери жасаган" деген версия каралууда. Азырынча ким күнөөлүү экени так аныктала элек",- деп билдиришүүдө басылмалар.