Ысык-Көл облусунда 1,2 миллион сомдук 15 552 бөтөлкө контрафакттык алкоголдук продукция тартылып алынды. Контрафакт 8 чарбалык субъектти камтыган салыктык рейддик көзөмөлдүн жүрүшүндө аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жеке ишкерден «Бишкек АлкоПром» ЖЧКсына таандык болгон идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалары менен 2400 бөтөлкө, ошондой эле “Алсуу” ЖЧКсынын кампасынан 672 бөтөлкө алкоголь аныкталган. Салыкты толук көлөмдө төлөөдөн баш тартуу максатында 0,25 литрдик номиналдагы акциздик маркалар 0,5 литрдик сыйымдуулуктагы идиштерге чапталган.
Каракол шаарындагы “Спиртзавод” мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан «Кыргыз АлкоТрейд» ЖЧКсынын кампасынан да 12 480 бөтөлкө лицензияланбаган арак тартылып алынды.
Рейддин материалдары жана тартылып алынган продукция УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына КРнын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.