Шоумен Бакыт Букаевди өлтүргөн эки кылмышкер 17 жана 18 жылга эркинен ажыратылышты

2013-жылдын ноябрь айында Бакыт Букаевди өлтүргөн кылмышкерлер 17 жана 18 жылга эркинен ажыратылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Букаевди өлтүргөндөрдүн бири Элдияр Абдыбаитов мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга кесилди. Экинчиси Уланбек Худайбердиев мүлкүн конфискациялоо менен 17 жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, мындан 2 жыл мурун, 2013-жылдын 13-ноябрында Бишкекте шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан. 44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумган. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен саат 19:00 чамасында табылган.

Күбө Нурдөөлөт Копоевдин айтымында, саат 18:00дө тааныштары чалып, Б.Букаевди таап берүүнү суранышкан. Ал ошол күнү бир кечеде тамадалык кылмак. Б.Букаевдин телефону өчүк болгондуктан, аталган күбө тамада жашаган батирге келген. Ачкычы бар болгондуктан батирге кирип, жансыз денени көргөн.

Бакыт Букаевдин сөөгү 15-ноябрда Ысык-Көл облусунун Темир айылында жерге берилген.

Кылмыш болгон жерден манжалардын издери, эки ашкана бычагы, кан болгон медициналык кол кап алынып, Бакыт Букаевдин сөөгү өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык, биологиялык жана медико-криминалисттик экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында Бакыт Букаев ички органдарынан кан көп кеткендигинен улам каза болгондугу айтылган. Ошондой эле маркумдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү, анын моюну алды жагынан эки жолу кесилип, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайылганы аныкталган. Көкүрөгүндө чылымдын чогу басылган 5 так калган.

Иликтөөлөрдө маркумдун батиринен "Самсунг" үлгүсүндөгү телефон, кара спорттук баштык жана ноутбук жоголгону белгилүү болгон. Мындан улам телефондогу сүйлөшүүлөр боюнча маалымат алууга жана уурдалган телефондун IMEI кодун аныктоого сот токтом чыгарган.

Аталган факт боюнча 13-ноябрда Ленин РИИБи тарабынан "адам өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azim.00kg
2015-12-04 18:44:07
ажап
-2
kirgizstan
2015-12-04 19:06:23
Azim.00kg, босун аа
0
Lumia-800
2015-12-04 19:43:32
Ошол жактан чыкпай калсанар экен.
+6
avtogrand
2015-12-04 20:00:48
ошол жактан жарым жан болуп бирок тируу чыккыла.
-3
kuba1983
2015-12-04 20:46:54
kudai bilet Kim olturgonun chynygy uwularbu, je bawkaby.
+10
jetinur90
2015-12-04 22:03:01
Ээ кандай болуп чыкканда да Бакыт акеге кандай жардам. Ыраматылык жакшы адам эле адамга жугумдуу. Жаны эле бизнес баштадым деп аткан олордон алдын...
+4
Lumia-800
2015-12-05 18:43:20
jetinur90,
Анын озуно жардамы тийбесе да, бул жактагы тируулордун кыйла конулу ордуна келет да.
0
Elime
2015-12-06 12:10:28
Аябай окунучтуу.Мыкаачылык менен олтурушконун акмактар.
0
ORION-93
2015-12-07 10:48:54
Жараткан жазасын берсин булардын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан