ИИМдин 5-Башкы башкармалыгы тарабынан Жайыл районунда күйүүчү-майлоочу майлар мыйзамсыз сакталган жай табылды. Бул тууралуу 4-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Укук коргоо органдары кампаларды текшерип, өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилген ири суммадагы товарды табышкан. Кампадагы күйүүчү-майлоочу майга Салык кызматынан алуучу документи жок экени аныкталган.
Ал эми Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде 22 жаштагы С.С. аттуу кыз дизель күйүүчү майын 30 сомдон сатып келгени белгилүү болгон. Үйдү текшерүү учурунда 200 литрлик 7 челек, жерге көмүлгөн 4 тонна 700 литрлик челек табылган. Анын айтымында, дизель майы Казакстандан 28 сомдон алынып келинет. Андан соң башка май куюучу жайлардан арзан сатылып, салык төлөнгөн эмес. Бул боюнча Салык кызматынын Жайыл райондук башкармалыгына материалдар өткөрүлүп берилди.