Сокулук районундагы Манас айылынын тургуну белгисиз адамга алданып калды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган жабырлануучу милицияга кайрылды. "Белгисиз адам анын ишеничине кирип, ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаасын алып, бүгүнкү күнгө чейин унааны да, акчаны да кайтарып бербей жүрүптүр. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Сокулук РИИБинин милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Д.В. аттуу жаранды кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирет мекеме.