Ош - Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы орун алып, 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда саат 14:10до Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 168-чакырымында Лексус үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Одиссей унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 10 адам жабыркаган. Бактыга жараша, каза болгондор жок.
Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барышып, кыпчылып калган адамдарды чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" унаасы менен Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилишкен.