Кара-Сууда Портер унаасы сууга кулап, 2 адам каза болду, бири 17 жашта болгон (аты-жөнү)

Кара-Суу районунда Портер унаасы сууга кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда саат 09:05те “112” кызматы аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык куткаруу кызматына Ош облусундагы Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фурхад айылында Портер автоунаасы каналга түшүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн.

"Саат 09:10до Куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган айылга барышып, каналга түшүп кеткен автоунаанын (мамлекеттик №О74 90 АО) жүргүнчүлөрүн суудан чыгарышкан. Портердин жүргүнчүлөрү, 1979-жылы туулган Кебекбаев Каныбек Манасович жана 1998-жылы туулган Масалиев Бектемир Абдулхалилович каза табышкан. Ал эми 1994-жылы туулган Вазиев Нурбек Момунович аттуу жүргүнчү жабыркаган",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nelya88
2015-12-07 12:14:40
Аллахым айттырбай келген боодо кырсыктан сактасын! Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+9
daniyar84
2015-12-07 12:47:15
Жайынар жанаттан болсун,туугандарына сабыр берсин.
+4
Nariste...12
2015-12-07 13:44:44
Окунучтуу ... Кудайым озу сактасын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан