Өлкөнүн түштүк аймагында бүгүн, 7-декабрда саат 13:51 чамасында жер титиреди. Бул тууралуу жер-жерлердеги окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдиришти. Алардын айтымдарында, жер силкинүү Алай, Ноокен, Өзгөн, Токтогул, Базар-Коргондо жана башка аймактарда сезилип, анын күчү болжол менен 3-4 баллга жетти.
Андан соң 40 мүнөттөн кийин саат 14:30да дагы бир жолу жер титиреди. Жер силкинүү эми Бишкекте, Нарында, Ысык-Көлдө да сезилди. Күчү болжол менен 2-3 баллга жетти.
Учурда Сейсмология институту жер титирөөнүн очогу кайсы жерде жайгашканын жана анын күчүн тактап жатат. Кыйроолор тууралуу маалыматтар азырынча түшө элек.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.