Бишкек шаарындагы маршруттук таксиден уюлдук телефонду уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Чүй облусунун тургуну, 19 жаштагы кыз кайрылып, 4-декабрда "Дордой" базарында маршруттук таксинин ичинен белгисиз адам анын чөнтөгүнөн 15 миң сомдук "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдаганын билдирген. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 31 жаштагы О.Азамат кармалып, убактылуу кармоочу жайга отургузулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мындан тышкары милицияга 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 3-декабрда белгисиз адамдар багаждан 15 миң сомго бааланган чоюн батареясын уурдашканын айткан. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе 23 жаштагы Н.Саматты кармашты. Уурдалган батарея табылды. Бул факт боюнча тергөөлөр уланууда.