Көк-Таш айылында кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайрадан чыр чыкты

7-декабрда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында кайрадан эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, Көк-Таш айылындагы мектептин терезеси жана тажик жаранынын унаасы талкаланды. "Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, тажик жараны Көк-Таш айылынын мектебин таш менен уруп, андан кийин Тажикстан тарапка качып кеткен. Мындан соң кыргыз жарандары тажик жаранынын унаасын талкалап салышкан. Учурда абал турукташып, окуянын себептери такталып жатат",- деди Чек ара кызматынын өкүлү.

Айта кетсек, Баткен облусунун аталган айылында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда суу жана жол маселелери боюнча чыр чыгып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
talant87
2015-12-08 07:39:19
Чек араны жабып саларка бензин отпосо болду оздору келет Чондордун кызыкчылыгы дебей элди ойлосо жапсын
+5
soccer_boy95
2015-12-08 07:53:51
Молодец, Баткендиктер, машинасын ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
Kyzyl-Unkur
2015-12-08 08:28:10
Таш урганга аш берип ушул убакытка келдик!!!
Бул нерсеге чекит коейлучу!!!

Баткендик форумчулар купуяга откулочу
+3
amanatym
2015-12-08 08:52:48
ушу че араны качан тактап беришет жана шайлоодо ким айтып жатты эле чечип беребиз деп кана ошолор. Карапайым элге абдан кыйын болуп ждатат.эмнеси болсо да тынч эле болсунчу.
+2
mr.sher
2015-12-08 09:29:58
Чек арачылар кайда журот??? Карашпайбы мыйзамсыз чек ара бузган деп атып салбайбы???
+2
elgiz0890
2015-12-08 09:47:28
Урматтуу супер инфо жааматы бир гана умуттуубуз силерде калды ушул чек ара маселесин биздин президентибиз Алмазбек Атамбаевке жеткирсениздер Банткендик туугандарыбыз тундосуда жакшы уктай албай калышты качан тажиктер келип бир жерди талкалап салат деп мындайча айтканда согуш болуп жаткандай тезинен чечпесек канчалаган бээ куно адамдардын жаны кыйылат жалпы кыргыз элимдин кайруулусун жеткиришиниздерди отунобуз
+7
admin_portal
2015-12-08 11:41:01
elgiz0890, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
+1
bema-krao
2015-12-08 10:07:39
Менин айылымго..бирок чын тажиктер олло жаман,уруш болгон куну уктай албайбыз,башка айылдардагы туугандардыкына барып тунойбуз.Менида тажик балдар урган,мана окшогон канча кыздарды урат.Участковыйга айтсан озунду издетип тап деп коюшат...кичинекей маала бар эле ал жерден кыргыздар баары кочуп тажиктерге кече жакындале отуп кетти..Биздин айылдын кобу Бишкек тарапка кочуп келе жатат...
+3
admin_portal
2015-12-08 11:42:58
srajdin, ulan_sabina, mirlanchik9, MuslimNur95 - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
soccer_boy95 - 5 күнгө БАН!
Улуттар аралык түшүнбөстүктү, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
srajdin
2015-12-08 11:53:11
daiyma tajikterden ketip atat kunoo bunu sereznyi karawpai jatat jogorku jaktagylar.
+1
Mars55
2015-12-08 12:04:09
Бул ишти чечебиз деп 20дай адам барат капкара джиптерди минип алып,анан эч нерсени чечбей айыл окмотун кыйнап кой сойдуруп жеп кампайып кайтат.Бул биздин чондордун адаттагыдай иши.
+2
aidai88
2015-12-08 12:07:11
Неге ушуну жок деген ошол жердеги айыл окмот башчысы карабайт? Тажиктер келип жашап жатсада унчукпайбы элдин унун жогору жакка жеткире турган ошолго,ошол себептен шайланган элдин койгойун чечпесе,аракет кылбаса,жогоруга жеткирбесе айыл окмот болуп не ал жерде эшек такалап отурабы?
+2
tabyshmak
2015-12-08 15:54:07
Улуттар арасындагы мамиле жонундо соз кылганда эле улуттар аралык кастыкты кучотууго жол берилбестигин эскертип, "Биздин олконун элдери бардык улут окулдорун сыйлоосу керек" деп талап коё баштайбыз. Бирок, чындыгын алып караганда кыргыздардай эмес башка улуттар.
0
misster88
2015-12-08 17:09:22
Качан бийлик баткенге жакшы иштеген губернаторду коёт:Мисалы Айбалаевка окшогонду койсо ушуга окшогон маселени бат эле чечип коймок.
+1
ruslan1985
2015-12-08 19:14:01
Баткен менен Лейлектин эли келгиле биргеликте Айбалаевды Баткенге губернатор болсун жогорттон суранайлы колдогондор барбы.
+1
temirov76
2015-12-08 22:02:08
ruslan1985, мен колдойм,мага купуя жаз.
0
altyshka_23
2015-12-08 23:48:17
Соз жок Биздин чондорго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан