Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы үйлөрдүн биринен 5-декабрь күнү 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, 5-декабрда саат 11:10до ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи райондогу №57-үйдүн 101-батиринин жабылып, ачылбай калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1948-жылы туулган Шишлякова Валентина Александровна аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Андан кийин куткаруучулар аялдын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришти.