Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагылышып, 1 адам көз жумуп, 5 адам жаракат алды

Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагылышып, 1 адам көз жумуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 7-декабрда саат 14:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун 156-чакырымында Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу Вольво үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 адам жеңил жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунун куткаруучулары барышып, кыпчылып каза болгон адамдын денесин чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2015-12-08 12:59:10
Тируу калгандарга аллахым шыпаа берсин айыгып кетсин тезинен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан