7-декабрда болгон жер силкинүүдөн Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл аймактарындагы мектептердин дубалдарында жаракалар пайда болгон

7-декабрда саат 13:50дө Тажикстандын аймагында болгон жер титирөөнүн күчү Ош облусуна да жетип, анын кесепетинен улам Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл аймактарындагы мектептердин дубалдарында жаракалар пайда болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жер титирөөнүн кесепетин изилдөө үчүн райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы 3 топко бөлүнүп, Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл аймактарын текшерип чыгышканын билдирди.

Чоң-Алай айыл аймагындагы Ы.Маматмусаев атындагы балдар бакчасынын, "Келечек" балдар бакчасынын, "Чак" балдар бакчасынын жана Кармышаков орто мектебинин, Көк-Суу орто мектептеринин дубалдарынан майда жаракалар кеткен.

Жекенди айыл аймагындагы А.Молдоболотов ооруканасынын Кара-Мык айылындагы бөлүмүнүн имаратынын дубалында майда жаракалар пайда болгон жана Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар орто мектебинин дубалындагы майда жаракалардын даражалары чоңойгон.

Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Кабак айылындагы Кара-Кабак орто мектебинин жана Кашка-Суу айыл аймагындагы мектептердин имараттарында майда жаракалар пайда болгон. Жеке менчик турак жайлардын жаракаларынын даражалары чоңойгон.

Жарандардан түшкөн арыздардын негизинде комиссия тарабынан 8-декабрда изилдөө иштери жүргүзүлөт жана кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, жер титирөөнүн очогу Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынан 120 чакырым түштүк-чыгышты карай, Ош шаарынан 225 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Дароот-Коргон, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 5 балл, Ош шаарында 4 балл, Бишкек жана Нарын шаарларында 3 баллга сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан