Гүлчөдө 24 жаштагы аскер кызматкери асынган абалда табылды

Ош облусунда 24 жаштагы аскер кызматкери асынган абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1991-жылы туулган А.Э. аттуу аскер кызматкери Гүлчө айылындагы ижарага алынган турак жайда асынган абалда 1-декабрда табылган. Алай райондук аскер комиссариаты аны 2014-жылдын жазгы чакырылышында кабыл алган. Ал аскер кызматын келишимдик негизде өтөп жүрчү.

Бүгүнкү күндө Ош прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Akil8484
2015-12-08 11:03:17
Бул инсандын асынып алганына 3-4 кун болду эмнеге бугун айтылып жатат
+3
nur-patriot
2015-12-08 11:10:24
Akil8484, "кунообузду кантип жашырсак болот, эмнени ойлоп тапсак" дешти да начальниктер
0
srajdin
2015-12-08 11:43:15
uwndai asynuular bolso baldar kantip armiyaga barat jogorku jaktagylar tek ele karabai koiuywtugo..
-1
Mars55
2015-12-08 12:06:35
Асып койдук десе болот.
+1
Arzyw_92
2015-12-08 12:46:39
Ообада ушуга окшогон окуяларды коруп туруп ата-энелерда балдарын жонотпойтда чону кичинесине басым корсото береби бул эмне деген корунуш.
Жогору жактагылар каяка карап атышат, олгон баланын ата энесине,туугандарына кудайым сабыр берсин.
+2
Alixan-Nookat.2015
2015-12-08 13:07:27
Менда аскерде кызмат кылгамын бул жерде ошондой жаман ишке баргандар оздорунун алсыздыгы эркектик сапаттын томондугу. Азыр аскерге барсан уч маал жылуу тамак апта сайын мончо, жаткан простынья жума сайын мончодон кийин алмашат ич кийимдерин.Бир жерин кичине канаса санчасть гражданкада булар жок. Бир призыв азыр офицерлер коркот солдатка катуу суйлоштон прокуратура терини тескери сыйрыйт.
+3
sarbo
2015-12-08 13:09:25
бул армиядагы солдат эмес. окусанар "контрактник" келишим негизинде деп турат го. мунун башка проблемасы болуш керек. эмнеси болсо да Аллахым куноолорун кечирген болсун!!
+1
ainuska00
2015-12-08 15:20:22
бул баланын чынында жашоо шарты кыйын экен эле,апасы процентке акча алып баласын толотот деп уккам....тоюп кеткенго баарынан...Жакшы бала болчу.....Жаткан жери жайлуу болсун
0
jakikj
2015-12-08 18:47:49
Ото окунучтуу эх эрктуу кайраттуу тайманбас деген кыргыздын жигиттери эмне кылып жатабыз. Кыйын кезен ото узак жыргалчылык коз ирмем дейт го чыдасан баары бутмок апа деген кандай болсо да апа анын карызын омур бою толосок да биз ага карызбыз. Баланын турмушка болгон коз карашы тар сыяктуу ошондуктан кенен ойлонууга тарбиялообуз керек балдарды. Ар бир чечимди чукул чыгарбай жакшылап ойлонуп кенешип чыгарсак эле баары жакшы болот деп ойлойм. сиздердин коз карашынар кандай коллегалар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан