Чым-Коргондо жоголгон окуучу кыздар "ата-энебиз урушат" деп айылдагы кароосуз калган үйдө түнөшкөнүн айтышты

Чүй облусунун Чым-Коргон айылында дайынсыз жоголгон мектеп окуучулары табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын К.И. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 3-декабрда анын 2000-жылкы И.А. аттуу кызы эртең менен саат 7:30да үйдөн чыгып мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголуп кеткен. Ушундай эле арыз менен З.Ж. аттуу тургун да кайрылган.

"Түшкөн арыздардын негизинде Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, алгачкы тийиштүү кагаздарды чогултуп, кылмыштарды каттоо китепчесине катташкан. Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциянын милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам иш-чаралардын негизинде 4-декабрда мектепке кеткен 7-8-класстын кыздары ошол эле айылдын кароосуз калган үйүнөн табылышкан",- деп билдирет мекеме.

Милиция кызматкерлери кыздарды ата-энелеринин катышуусунда суракка алганда алар төмөндөгүчө жооп беришкен: "Токмок шаарына чоң базарга ар кандай нерселерди алганга барганбыз. Ал жактан кеч келип, "үйгө барганда ата-энебиз урушат" деп коркуп, ушул жерде конуп калганбыз".

Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциянын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуучу кыздар ата-энелерине тапшырылып берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aidai88
2015-12-08 12:36:16
Тооба кылдым.Эн негизгиси аман экен,кыштын кунундо кичинекей кыздар коркпой жатканын,эстеп алып мен корктумго(((
+1
Nurbol
2015-12-08 12:51:54
Башка жака вечеринкага барышып эртеси келишкен. Ошенентип коюшса керек да кыздар ата-энесин алдап
+7
Geroy
2015-12-08 13:59:30
Кыштын суугунда кечинде эшикте журуп, уйго шашабыз. Тем более тан атканча эн уйдо тонуп калат гоо)))))))))
+2
japardos
2015-12-08 14:15:20
оа алар ээн уйдо туной алышмак эмес вечеринкага барышы анык эле болуп турбайбы
+3
amanatym
2015-12-08 14:36:40
ыйман кетти кыздардан
+2
88inara88
2015-12-08 16:53:09
Канча окуучу кыздар экен ошонуда жазбапсынарда
+1
dosym
2015-12-08 18:36:46
телефон деген нерсе менен кабар берип койушса болотго ата энесин кыжалат кылбай
+2
bond0202
2015-12-09 07:02:13
ээн уйдо туногону жалганго,кайда жургонун жашырып ошол шылтоону табышкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан