Ош облусунда мамлекеттик чек арага жакын аймакты сүрөткө тартып жүргөн япон жараны кармалды

Ош облусунда мамлекеттик чек ара режимин бузган япон жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 7-декабрда "Ош" чек ара отряды Т.Н. аттуу 1981-жылы туулган япон жаранын кармашкан. Чет өлкөлүк жарандын айтымында, ал кыргыз жергесине турист катары келип, Чоң-Алай районунун Кара-Тейит аймагын сүрөткө тартып жүргөн.

“Кармалган адамдын жанында чек арада сүрөт тартууга уруксат бере турган документтери жок болгон. Буга чейин аталган жаран Кыргыз Республикасына Казакстандан келген. Тиешелүү документтерди толтурган соң чек арачылар япон жаранын УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bermet_Kasymova
2015-12-08 15:31:32
Суротко тартыш учун документ керекпи э
-2
nur-patriot
2015-12-08 15:32:58
Bermet_Kasymova, чек арада болбойт да , стратегический обьект деп коюшат
+5
kama_future_millioner
2015-12-08 18:42:56
шипионгооо текшериш керек аны
0
jetinur90
2015-12-08 21:52:27
УКМКга откорушсо,алар куругун куруттай санап жапондорго кайра откорот. Силер озбек,АКШлардын шпиондорун кармагыла.
0
bond0202
2015-12-09 06:55:49
мне кереги бар аны камап,андан кору таджиктер тополон кылып жатышат чек арада ошону чечишпейби УКМК
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан