Ошто мал уурулугуна шектелип 20 жана 21 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири Кара-Суу районунун тургуну Ж.У., 1994-жылы туулган. Ал эми экинчи шектүү Ж. уулу А. 1995-жылы туулган, аталган райондун тургуну. Алар "октябрь айында Кара-Суудан 20 миң сомго жана 40 миң сомго бааланган эки буканы уурдашкан" деп шектелип жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.