Бишкекте “20 велосипедди уурдоого тиешеси бар” деген шек менен 2 өспүрүм кармалды. Муну бүгүн, 8-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган 15 жаштагы Р.Р. жана 14 жаштагы Л.А. аттуу балдар көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жактарында кароосуз калтырылган жана атайын кулпу салынбаган велосипеддерди уурдап жүрүшкөнү аныкталды. Учурда 15 уурдалган велосипед табылып, бул факт боюнча “тоноо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.