Ош. "Унаалардын терезелерин талкалап, ири суммадагы акча каражаттарын уурдаган" деп шектелген 2 жаран колго түштү

"Унаалардын терезелерин талкалап, ири суммадагы акча каражаттарын уурдаган" деп шектелген 2 жаран колго түштү. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүү катары Талас облусунун тургундары 1975-жылы туулган Д.Ж. менен 1984-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкү фактылар аныкталды:

4-ноябрда Ош шаарында Тойота Сурф унаасынын терезеси талкаланып, 1800 доллар жана 15 миң сом салынган баштык уурдалган;

12-ноябрда Кара-Суу районунда Лексус GX-470 үлгүсүндөгү унаанын терезеси талкаланып, 1 миллион сом өлчөмүндөгү каражат уурдалган;

11-ноябрда Ош шаарында Лексус GX-470 үлгүсүндөгү унаанын терезеси талкаланып, 10 миң сом өлчөмүндөгү каражат жоголгон;

8-сентябрда Кара-Суу районунда Хундай-Портер унаасынын терезеси талкаланып, унаанын ичинен 3400 доллар жана 2 миң сом уурдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Arslan12
2015-12-08 18:53:42
Айбандар качып кайда барасынар.
+1
saltanat2015
2015-12-08 20:11:07
Машинага акча койсо болбойт.
+1
Nurbol
2015-12-08 20:15:34
Эмнеге кылмышкер, уурулардын аттарын толук жазбайсынар, толук маалымат болсо
+1
bayas.07
2015-12-08 20:57:06
мен да жоготком Базар-Коргондон 186000 сом, гигант мерседестен.
+1
MAKSLEO
2015-12-08 21:58:43
ош шаарында дагы портерден жоголгон.300000
+1
Shef87
2015-12-09 03:32:34
Алар козу ачыктарбы не кайсы машинада акча бар экенин кайдан билишет ээси менен кошо журбосо же
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан