"Дрыщ" 1,5 жылга эркинен ажыратылды, ал эми МАИчилер 100 миң сомдон айып пул төлөшөт

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун катышуусундагы чуу жараткан окуя боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу активист Болот Ибрагимов билдирди.

Анын айтымында, МАИ инспекторлору Жеңиш Чокморов жана Урмат Белеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга 100 миң сомдон айып пул тагылды. "Ал эми милициянын штаттан сырткаркы кызматкери Адилет Жунусов "ээнбаштык" беренесинин негизинде айыпталып, 1,5 жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн жатак-абагында өтөмөкчү. Жунусов менен кошо жүргөн Азирет Арызов күнөөлүү деп табылган жок",- деди активист.

Эскерте кетсек, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден акча талап кылып жатышканы тартылган видео тараган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада тасмадагы 2 жол-кайгуул кызматкери жана аларга көмөктөшкөн бир жаран (Жол-кайгуул кызматынын штаттан сырткаркы кызматкери экени айтылган) кармалып, аларга кылмыш иши ачылган. Жол-кайгуул кызматкерлери “опузалап пара талап кылуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча айыпталышкан. Активисттердин автоунаасынын мамлекеттик номурларын жулуп салган А.Жунусов интернетте "Дрыщ" ("тыржыйган адам" - ред.) деген каймана атка ээ болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
adidas.08
2015-12-08 20:23:46
качок дрыш экенда
+2
mirbek94.kg
2015-12-08 20:25:36
ээээ дрыщ,эми эле унутуп калдым эле.
+1
dubai
2015-12-10 01:38:25
mirbek94.kg,мен дагы бул приколду унутуп бараткам,азыр жаны тема чыккан #ЯБУДУПОСИДЕТЬ деген,кордун беле?))))Дрыщ отдыхает по сравнению с ней)))
0
mirbek94.kg
2015-12-08 20:27:35
иштен айдагандан коро айып пул тологону жакшы, эми акылына кирип жакшы иштешет,айып толотпой эле иштен айдаса,эртен барып тааныш билиш кылып башка жерге кирип дальше улантышат беспределтикти
+1
jakikj
2015-12-08 20:33:45
Иштен да алып штраф да толотуу керек эле ошо 100 минди алар дагы деле элден чогултат да уяты жоктор. Башка тармакта иштеп анан ушул ишинин кадырына жетмек анан башкалар коруп озулорун карманаар беле.
+9
Arslan12
2015-12-09 12:23:40
jakikj,Башка мамлекеттик тармактарга дагы жолотпош керек мындайларды кеминде 5 жыл ошондо корот адал эмгек менен иштеген кишинин нанын жегенди
0
baltabaev
2015-12-08 20:47:58
Ушул эле бекен,жазасы?Мм тааныштары чон болуп иштешет го чамасы
+2
dasta
2015-12-08 21:29:13
Чоон чоон пара алгандарды камай албайт да келип келип еки прапоршике кыйын болду.жалка да...
+2
poping.dance
2015-12-08 22:04:56
дрыщка 1.5жыл аздык кылатко
+2
Moskva.kg
2015-12-08 23:07:03
Мыйзам бизде бирдей иштебейт машинасы бар уйу бар иштеген иши бар тааныштары бар мына ушулар кыйынмын деп чыга келишет адамдын зеенин кейитип
+1
aqua.94mema
2015-12-08 23:41:05
Дрыщ кайсынысы ?
+1
Arslan12
2015-12-08 23:54:21
Иштен айдалбаса оной эле чыгарып алышат 100мин сом акылына келтирет дейсинерби
+3
aralbek
2015-12-09 00:05:36
Трудовой книжкаларын булгап Экинчи эч жэргэ ишке албай турган кылып жуз мин штрафты салышса болмок ошондо туура болмок.
+3
Shef87
2015-12-09 03:19:55
Дрыш акчасы жок кесилиптир да тиги маичиле жузминден сырткары топтогонун бере салып кутулуптур да адилеттуу сотубузга
0
Guzi88
2015-12-09 06:52:58
Дрыщ эмне деген тушунбодум
0
bolotbai3
2015-12-09 06:58:50
Guzi88, Дрыщ-тырыш-тыржыйган арбак-арсыз алсыз деген,бирок жанында жакын болуша турган адамы болсо кыйынсына бергенди Дрыщ деп айтат.
0
Lenin
2015-12-09 10:25:04
Болот Ибрагимов - деген бул ким? Биздин милициянын алсыздыгы.

Колу бутун толгоп туруп сазайын берип коюшпайбы. Жабырлануучу болуп алат бат эле. Явно милицияларды подстава кылып коюп.
Кээ бирлери активист деп алышыптыр. Мен тигил арык бала менен милицияны жактабайм бирок Болоттун кылганы уят эле нерсе. Атын чыкпаса жер ортто болду да.
-2
azamat95
2015-12-09 17:13:10
Дрыщ быдыш болуптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан