Миң-Куш жана Кызыл-Сөөк айылдарында жер титирөөдөн жапа чеккен турак жайларды жана социалдык объектилерди текшерүү иштери улантылууда

7-декабрь күнү саат 14:30да Нарын облусунда 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Жумгал районунун Молдо-Тоо тоосунда Кара-Кече айылынан 10 чакырым түштүк-батышты карай, Миң-Куш айылынан 20 чакырым чыгышты карай, Чаек айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Кече, Миң-Куш айылдарында 6 балл, Арал, Көк-Ой, Чаек, Дөдөмөл айылдарында 5 балл, Кызарт, Казарман, Чолпон, Кызыл-Ой айылдарында 4 балл, Нарын шаарында, Баетов жана Кочкор айылдарында 3 баллга сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жумгал райондук жарандык коргонуу комиссиясынан 1 топ, Миң-Куш жарандык коргонуу комиссиясынан 1 топ жер титирөөгө кабылган калктуу конуштардагы түзүлгөн кырдаалды тактоо жана аныктоо иштерин жүргүзүшкөн. Алар Миң-Куш айылындагы турак жайларды карап чыгышып, жалпы 32 турак жай текшерилген.

Жарандык коргонуу комиссиясынын алдын ала текшерүү иштеринин натыйжасында I даражада 13 турак жай, II даражада 1 турак жай, III даражада 2 турак жай жана IV даражада 1 турак жай зыянга учурагандыгы аныкталган.
Аталган комиссия тарабынан Миң-Куш жана Кызыл-Сөөк айылдарында турак жайларды жана социалдык объектилерди текшерүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
timashi
2015-12-09 09:14:08
Урматту супер кж,менин бир отунучум бар эле,тиешелуу жактан жооп аласыздарбы?Алай районунун Гулчо айылында жер тириродон уйлордон жарака кеткен жерлерди качан текшеришет экен,жооп кутойун
0
admin_portal
2015-12-09 09:34:46
timashi, саламатсызбы!
Жооп алып бергенге аракет кылабыз.
0
Latyshka
2015-12-09 09:18:39
Таштап кете бергиле, ордунарга ал айлык учун от души иштегендер барышат.
0
tynara81
2015-12-09 09:47:26
Latyshka, комментарийди башка жакка жазып алыпсыңарбы?
Элимде аманчылык болсунчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан