Ош шаарындагы үй-бүлөлүк жатакананын күйүп кеткен батиринен 39 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 9-декабрда билдиришти. Маалыматка таянсак, 8-декабрда Ош шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү 4 кабаттуу №36-үй-бүлөлүк жатакананын 3-кабатында жайгашкан 47, 48-батирлер толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен
№47-батирдин ээси, 1976-жылы туулган Бактыгүл Жумакулованын түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 112 жашоочу куткарылды. Анын ичинен 22 адам шаты менен куткарылды, 90 жашоочу газ түтүнүнө каршы кысылган аба аппараттары менен эвакуацияланган. Өрттүн себеби такталууда.