Бишкекте быйыл март айында телевизор уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин 38 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар эшиктин кулпусун бузуп үйгө кирип, 10 миң сомго бааланган телевизорду уурдашканын айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, тинтүү амалдарынын жыйынтыгында Аламүдүн районунун 27 жаштагы П.Марсиан аттуу тургуну кармалды.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүүдө.