Ысык-Көл жана Ош облустарынын тургундары 1 килограммга чукул баңгизат менен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 8-декабрда Каракол шаарында укук коргоо органдары 1976-жылкы Т.М. аттуу жаранды тинтүүгө алганда, чөнтөгүнөн полиэтилен баштыгына оролгон гашиш табылган. Баңгизаттын жалпы салмагы 895 грамм болуп чыкты. Ошол эле күнү Ош шаарында Б.А. аттуу 1994-жылкы адамдын кийиминин чөнтөгүнөн 11,17 грамм гашиш табылган.
Бул фактылар боюнча "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам иликтөө иштери уланууда.