Мындан эки күн мурун, 7-декабрда саат 22:30да Чүй облусундагы Москва районунун Садовое айылында адам өлтүрүү болгону тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Садовое айылынын түндүк тарабынан 1983-жылы туулган А.Г. аттуу адамдын жансыз денесин табышкан. Бул факт боюнча экспертиза дайындалып, "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган аял кармалган. Анын А.Г. менен чогуу жашаганы аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү аял менен А.Г. арак ичип отурушкан, кийин уруша кетишкен. Учурда тергөө амалдары уланууда.