Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 1973-жылы туулган Розакан Камчыбекова аттуу тургунун издөөдө. Маалым болгондой, Камчыбекова ушул жылдын 27-октябрында Майлуу-Суу шаарынан чыгып, Бишкектеги батыш автобекетине келген бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү толугураак, чачы кара, көзү кара. Өзгөчө белгилери: бетинин оң тарабында меңи бар. Сүйүнчүсү болот.
Эгерде Розакан Камчыбекованы көрүп-билгендер болсо, (0312) 56-60-43, (0551) 102 162, (0551) 102 538 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар.