Ноокат районунда күйүп кеткен үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 10-декабрда билдиришти.
Маалым болгондой, аталган райондун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Шанкол айылында Өмүрбек Бадаловго таандык үй өрттөнүп кеткен. Үйдүн ичинен 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылган. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда.